Ссылки доступа

Надежда Савченко мамлекетине кайтарууну талап кылат


Бүгүн Орусияда соттолгон аскерий учкуч Надежда Савченко өзүн Украинага кайтаргыла деген талап менен “кургак” ачкачылык баштады. Бул туурасында анын жактоочусу Марк Фейгин билдирди.

Буга чейин Надежда Савченко орусиялык сот акыркы сөз бербей койгону үчүн бир жума бою кургак ачкачылык кармаган болчу.

22-мартта Ростов облусунун Донецк шаардык соту Савченкону 2014-жылы Луганск шаарына жакын жердеги эки орусиялык журналисттин өлтүрүлүшүнө катыштыгы бар деп айыптап, 22 жылга кескен. 5-апрелде өкүм күчүнө кирди.

Савченко бардык айыптоолорду четке кагып, орусиялык соттун өкүмүн тааныбай тургандыгын айтып, ага каршы даттануудан баш тарткан.

Өкүм жарыялангандан кийин Украинанын президенти Петр Порошенко Савченкону Донбасстагы атайын операция аймагында кармалган орусиялык эки жаранга - Александр Александров менен Евгений Ерофеевге алмашууга даяр экендигин билдирген.

Кремлде мындай алмашуу “теориялык жактан алганда мүмкүн” экендигин айтышканы менен бул тууралуу чечимди Владимир Путин гана кабыл алат деп баса белгилешти.

XS
SM
MD
LG