Ссылки доступа

Баку Ереванды Тоолуу Карабактагы тынчтыкты бузду деп айыптады


Азербайжандын Коргоо министрлиги армян тарап Тоолуу Карабактагы убактылуу тынчтыкты 115 ирет бузду деп билдирди.

Министрликтин өкүлү Вагиф Дяргахлы РИА Новости агенттигине кабарлагандай, тараптар чектешкен бардык жерлерде ири калибрдеги пулеметтордон жана замбиректерден аткылоо болгон. Мында Баку тараптан жооп кайтарылган эмес.

Өзүн-өзү жарыялап алган Тоолуу Карабак республикасы бул маалыматты четке кагууда. Алардын айтымында, түндө ок атышууну токтотуу боюнча келишимди бузган фактылар болгон жок. Азербайжан менен Армения 5-апрелде убактылуу элдешүүгө макулдашып, согуштук иш-аракеттер токтотулган.

Карабак аймагындагы кырдаал 2-апрелге караган түнү курчуган. Шаршемби күнү Баку менен Степанакерт төрт күндүк куралдуу тирешүү ичиндеги жоготуулар жөнүндө маалымат жарыялашты. Ага ылайык, өзүн-өзү жарыялаган Тоолуу Карабак бийлиги 29 жоокер каза болуп, 28и дайынсыз жоголгондугун, дагы 72 жоокер жарадар болгондугун кабарлаган. Азербайжан армиясы болсо 31 жоокеринен айрылган.

Дүйшөмбүдө БУУ куралдуу тирешүүдөн 30дан ашуун адам набыт болуп, 200дөн ашыгы жараат алгандыгы кабарланды.

XS
SM
MD
LG