Ссылки доступа

Түркмөнстанда бүбү-бакшылардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынды


Түркмөнстанда “жарнама ишмердүүлүгү жөнүндө” мыйзам күчүнө кирди. Ага ылайык, сексуалдык мүнөздөгү: психологиялык жардам, маектешүү, релаксация, укалоо, убакытты жагымдуу өткөрүү сыяктуу рекламалык кызматтарга тыюу салынды. Экстрасенстердин ишмердүүлүгүнө жана кумарканаларга да чектөө киргизилди.

Мындан ары Түркмөнстанда сыйкырдуу күчкө ээ экенин жарыялап, адамдардын ички дүйнөсүнө жана байлыгына таасир эткен гипнозчулардын, эмчи-домчу, бүбү-бакшылардын, төлгөчүлөрдүн, астрологдордун, көзү ачыктардын жарнамалык кызматтарына жол берилбейт.

Сексуладык мүндөгү, анын ичинде психологиялык жардам, баарлашуу, укалоо, релаксация, жагымдуу убакыт өткөрүү, ошондой эле салттуу, электрондук жана интернет-казинону, пиротехникалык буюмдарды, аскердик багыттагы жардыруучу заттарды жана куралдарды жарнамалоого да тыюу салынды.

XS
SM
MD
LG