Ссылки доступа

Нарышкин:Орусиянын Украина менен согушу “көп болсо төрт күнгө созулмак”


Эгерде Орусия “Украинадай алы бар өлкө” менен согушса, бул жаңжал “көп болсо төрт күнгө созулмак”. Бул туурасында шаршембиде Мамлекеттик Думанын төрагасы Сергей Нарышкин билдирди.

"Мындай жаңжалдын арты эмне менен бүтөрүн бардыгы эле түшүнүп турат”, - деп кошумчалады парламенттин төмөнкү палатасынын спикери.

Ал бул пикирин Мамдумада өтүп жаткан орусия-германиялык семинардын катышуучуларынын биринин сөзүнө комментарий берип жатып билдирди. Сөз Украинанын чыгышындагы жаңжалга орусиялык аскерлердин катышкандыгы жөнүндө болуп жаткан. "Донбасстагы окуялар эки жылдан бери аягына чыкпай келет. Демек, Киев режими ким менен согушуп жаткандыгын ушундан билсе болот”, - деп билдирди Нарышкин.

Кийинчерээк Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Александр Турчинов анын сөзүнө жооп кылып: “Украина сындуу өлкө менен согушса, Орусия болгону төрт күн гана туруштук бере алмак деп Нарышкин өзү айтып жатса, демек, Орусия чындап эле көйгөйлөргө көмүлүп калган окшойт”, - деп билдирди.

Украина менен Батыш өлкөлөрү Донбасстагы согуштук иш-аракеттер башталгандан тартып, Орусия жикчилдерди колдоп келе жатат деп айыптап келет. Киевдин маалыматына караганда, Донецк жана Луганск элдик республикаларынын көзөмөлүндө болгон аймактарда 10 миңге жакын орусиялык аскерлер бар. Алар “ротациялык негизде келип-кетип” жүрүшөт.

Кремль бул айыптоолорду четке кагууда. Анткен менен 2015-жылдын 17-декабрында Орусиянын президенти Владимир Путин жылына өткөрүлүүчү басма сөз жыйынында: "Биз ал жакта (Донбасста) белгилүү бир маселелерди, анын ичинде аскерий жааттагы маселелерди чечүү үчүн жүргөн адамдар жок деп айткан эмеспиз”, - деп билдирген.

XS
SM
MD
LG