Ссылки доступа

Нидерланды Украинаны Евробиримдиктин курамында көргүсү келбейт


Шаршембиде Нидерландыда өткөрүлгөн референдум эл аз катышкандыктан,  болбой калды деп таанылышы мүмкүн.

Нидерландыда ЕБ менен Украинанын мамилелерин кеңейтүү маселеси боюнча өткөрүлгөн референдум эл аз катышкандыктан улам болбой калды деп таанылышы мүмкүн. Рейтер агенттиги экзит-полдун маалыматына таянып билдиришинче, катышуучулардын 64 пайызы “каршы”, 36 пайызы “ооба” деп добуш беришкен. Экзит-полду NOS борбору жүргүзгөн.

Референдумга катышкандардын саны 29 пайыздын тегерегинде болору болжолдонууда. Ал эми добуш берүүнүн жыйынтыктарын таануу үчүн 30 пайыздык көрсөткүч зарыл. Негизи референдумду өткөрүү милдеттүү иш эмес болчу. Бирок Нидерланды өкмөтү добуш берүүнүн жыйынтыгын эске ала тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG