Казак президентинин басма сөз кызматы маалымдагандай, Назарбаев эки өлкөнүн лидерлерине Тоолуу Карабак жаңжал учурунда набыт болгондорго байланыштуу көңүл айткан.
Казакстан президенти эки лидерди тең Тоолуу Карабактагы жагдайды тынч нукка салып, эл аралык укукка ылайык сүйлөшүүлөрдү жандандырууга чакырды. Буга чейин Астана 8-апрелге пландаштырылган ЕАЭБ саммитин Еревандан башка шаарда өткөрүү демилгеси менен чыккан.