Ссылки доступа

Кыргызстандыктар Индонезияда 30 күн визасыз жүрө алат


Индонезия өкмөтү Кыргызстандын жарандарына бул өлкөдө визасыз 30 күнгө чейин жүрүүгө уруксат берген мыйзам кабыл алды. Бул туурасында Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинен билдиришти.

Өлкөгө кесиптик иши боюнча келген ММК өкүлдөрүнө визасыз режимдин тиешеси жок.

Андан тышкары мыйзамга ылайык, визасыз режимди узартууга же визанын башка түрүнө өзгөртүүгө болбойт.

Кыргызстандыктар Индонезиянын аймагына Soekarno-Hatta эл аралык аэропорту аркылуу гана кире алышат.

XS
SM
MD
LG