Ссылки доступа

Өзбекстан Казакстанда соттолгон жарандарын кайтарып алгысы жок


Өзбекстан бийлиги Казакстан Башкы прокуратурасынын соттолгон өзбекстандыктарды кабыл алуу боюнча жөнөткөн суроо-талабына оң жооп берген жок. Азыркы тапта Казакстанда Өзбекстандын 643 жараны абакта отурат.

«Бизге бул жарандар мекенине кайтаруу жөнүндө өтүнүч менен көп кайрылышат. Бирок бул бизге гана эмес, кабыл алуучу тарапка да көз каранды. Чет өлкөлүк жарандарды мекенине жөнөтүүгө даяр экендигибизди билдирип, кесиптештерибизге кат жөнөтөбүз. Бирок алардан оң жооп ала албадык”, - деди Казакстандын башпрокурорунун биринчи орун басары Иоган Меркель.

Азыркы тапта Казакстанда 1,5 миң чет өлкөлүк жаран жаза мөөнөтүн өтөп жатат, алардын көпчүлүгү – Өзбекстандын (643 адам) жана Кыргызстандын (320 адам) жарандары.

Меркелдин сөзүнө караганда, соттолгон 318 адамдын ичинен акыркы жылдары Кыргызстанга болгону 26 адам гана кайтарылган. Ал эми Өзбекстан бир дагы адамын кабыл алган эмес.

XS
SM
MD
LG