№79 автопарктын айдоочусунун Nur.kz сайтына берген маегине карганда, автобустарда накталай төлөм алынып салган. Андан бери айдоочулардын айлык акылары бир нече эсеге төмөндөп кеткен.
Tengrinews.kz сайтына айдоочулардын бири маек куруп, автопарк муниципалдык кезде айлык акысы 120 миң теңге экенин, эки айдан бери арзыбаган акы алып жатканын айткан.
- Мына өткөн айда мен болгону 26 миң теңге маяна алдым, анан алар бизге баары жакшы болот, ишиңерди улантсаңар 100 миңден кем эмес акы аласыңар деген. Бирок мага болгону 57 миң гана теңге беришти. Алар эмгегибизди таптакыр баалабай жатышат, - деп айтып берди айдоочулардын бири.
Алматынын жүргүнчүлөр транспортунун башкармалыгы бул жагдайды чечүү боюнча аракет кылып жатат.
Алматынын муниципалдык паркында 13 маршрут бар. Ал февралда МАП Green Bus Company жеке компаниясынын башкаруусуна өткөрүлүп берилген.