Ссылки доступа

Өлкөдө апрель ынкылабына арналган иш-чаралар өтүүдө


2010-жылдын 7-апрелинде окко учкан маркумдардын туугандары, жабыркагандар жана президент Алмазбек Атамбаев баштаган бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде куран окутулуп, мүрзөлөрүнө гүл коюлду.

Алты жыл мурда 7-апрелде ок жаңылып каза тапкан 90го чукул адамдын 30га жакынынын сөөгү "Ата-Бейитке" коюлган.

Президент Алмазбек Атамбаев апрель окуясынын 6 жылдыгына байланыштуу элге кайрылуу жасады. Анда бүгүндөн тартып расмий майрамдардын катарына дагы бир майрам – 7-апрель – Элдик апрель революция күнү кошулганы белгиленип, бул чечимдин себептерине токтолгон. Аксы окуясы, март ыңкылабы жана 2010-жылдын 7-апрелинде кыргыз элинин эркиндик, демократия жана адилеттик үчүн күрөшү жүргөнүн, булар бири-бири менен байланышта экенин эске салган.

Ошондой эле соңку жеңиш күнүн майрамдоо дүйнөлүк тажрыйба экени, бул сыяктуу даталуу күндөр кыйла мезгил өткөнгө чейин кайгы, көз жаш аралаш эскерилип, бара-бара шаӊдуу майрамга айланарына ишеним айтылган.

Атамбаев 7-апрелди майрам катары белгилөөгө каршы чыккан саясатчыларды эл бузарлар катары сыпаттады. Кечээ 7-апрелди эс алуу – майрам күндөрдүн катарына кошуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 3 окууда тең көпчүлүк добуш менен кабыл алынып, президент кол койгон.

XS
SM
MD
LG