Ссылки доступа

Дүйшөмбү менен Москва “Ислам мамлекетине” каршы бирге күрөшөт


Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти кабарлагандай, 6-апрелде тажик-орусия дипломаттарынын ортосундагы саясий кеңешүүлөрдүн жүрүшүндө “Ислам мамлекетине” каршы бирге күрөшүү туурасындагы маселе да талкууланды.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги таркаткан маалыматка карганда, Дүйшөмбү менен Москва “Ислам мамлекетине" каршы биргелешип күрөшүү, террорчу-согушчандар феноменине каршы туруу, анын ичинде борборазия аймагына туулуп жаткан коркунучтарды азайтуу боюнча комплекстүү чара көрүүнүн зарылдыгын белгилешти. Буга байланыштуу Ооганстан тараптан жаралган террордук жана башка криминалдык коркунучтарга натыйжалуу бөгөт коюу милдетине өзгөчө көңүл бурулду.

Буга чейин орусия бийлиги Тажикстан террордук топтордун, анын ичинде “Ислам мамлекетинин” соккусуна дуушар болушу мүмкүн деп бир нече ирет кооптонуусун билдирген. Өткөн айдын аягында “Тышкы саясат” агенттиги жана “Валдай” дискуссиялык клубу даярдаган «Эл аралык коркунучтар - 2016» баяндамасында «алсыз жана жакыр борборазиялык мамлекет урап, анын ордуна шариатты өзүнө ылайыктап чечмелеген, куралдуу каракчылар башкарган көзөмөлсүз аймак жаралышы мүмкүн” деген божомол айтылган.

Баяндаманын авторлорунун пикиринде, бул жаатта Тажикстандын абалы абдан кооптуу. Орусиядагы мигрант-туугандары салган акчага күн кечирген үй-бүлөлөр көп.

XS
SM
MD
LG