Ссылки доступа

Порошенко: Украина ЕБга кирүүдөн баш тартпайт


“Нидерландыдагы референдумдун жыйынтыктары Украина үчүн жагымдуу болбогон күндө да биз ЕБга кирүү аракетибизди токтотпойбуз”, - деп билдирди Украинанын президенти Петр Порошенко.

Буга чейин референдумдун катышуучуларынын көпчүлүгү “Украина менен ЕБ ортосундагы ассоциация жөнүндө келишимге” каршы экендиги экзит-пол сурамжылоосунан билинген.

" Стратегиялык жактан алганда бул Украинанын Европага багыт алышына бөгөт боло албайт деп ишенем”, - деп баса белгиледи Порошенко.

Нидерландыдагы референдум кеңеш берүүчүлүк гана мүнөзгө ээ. Эми акыркы сөз Голландиянын жетекчилигинде.

Добуштарды алдын ала эсептөөнүн жыйынтыктарына караганда, 61% “каршы”, 38% – "ооба" деп добуш берген.

Референдумга 32% шайлоочу катышты.

XS
SM
MD
LG