Кэмерон азыркы тапта эч бир офшордук компанияда каткан акчасы жоктугун билдирген. Бирок мурда бар болчу деп айткан эмес. Ошондой эле ал маянасы жана банкта сактап койгон каражаттарынын үстөк пайызы менен күн көрүп келе жаткандыгын кошумчалаган.
Парламенттик оппозиция “панама документтеринде” премьердин тууганынын ысымы аталгандыгына байланыштуу көз карандысыз иликтөө жүргүзүүгө чакырган. Бириккен Королдуктун салыктар жана бажы маселелери боюнча кызматы аталган маалыматты тыкыр текшерүүгө ниетин билдирген.
Панамалык Mossack Fonseca офшордук компаниясынын ачыкка чыккан документтеринде премьердин атасы Иэн Кэмерон 1980-жылдары түзүлгөн офшордук фондду жетектегендиги жана ал аркылуу бай британиялыктардын салык төлөөдөн качуусуна шарт түзгөндүгү белгиленген.