Ссылки доступа

Петербург: "Жаздын" активисттери Путиндин отставкасын талап кылышты


Петербургда жаш активисттердин “Жаз” кыймылы элдик жыйын куруп, офшор жаңжалдарына байланыштуу президент Путиндин отставкасын талап кылышты.

“Жаздын” активистери үн катпастан, колдоруна ак кагаздарды кармап турушту. Айрымдары андан панама жазап алган. Полиция митинг жана пикет боюнча мыйзамдардын бузулуп жаткандыгын эскертип, бирок эч кимди кармаган жок. Бул арада “Улуттук боштондук кыймылынын” активистери жыйынды үзгүлтүккө учуратууга аракет жазаганы менен майнап чыкпады. Бирок “Жаз” кыймылынын жетекчиси Николай Артеменконун үстүнө белгисиз сүюктук төгүүгө үлгүрүштү. УБКнын чагымчыл мүчөсү Сергей Колякин полиция тарабынан кармалды.

Бейшемби күнү Владимир Путин Журналисттик иликтөөлөрдүн эл аралык консорциуму (ICIJ) жарыялаган "Панама документтеринен" эч кандай коррупциялык компонент көрбөй жатканын билдирген. Ал Панаманын юридикалык компаниясынан документтер чыгып кетишин Батыштын каралоо өнөктүгүнүн алкагындагы иш деп атаган. "Алар элдин бийликке ишенимин кетирип, өлкөдөгү кырдаалды ичтен чайпалткысы келет", - деген Путин. Ал ошондой эле музыкант Сергей Ролдугин менен дос болгонуна сыймыктанарын, ал миллиардаган долларларды табары тууралуу маалымат бекер кеп деп айткан: "Ал иштеп тапкан акчасынын баарын сырттан музыкалык асапаптарды сатып алып, аны Орусияга алып келүү үчүн короткон".

3-апрелде Журналисттик иликтөөлөрдүн эл аралык консорциуму дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттериндеги саясатчылар менен ири ишкерлердин арам акчаны офшордук схемалар аркылуу адалдоосун чагылдырган көлөмдүү баяндама жарыялаган. Анын Орусияга арналган бөлүгүндө президентке жакын музыкант Сергей Ролдугин жана Путинге байланышкан офшордук тармактар тууралуу сөз болгон. Тактап айтканда Путинге жакын адамдар "Россия" банкы жана Панамадагы офшордук компаниялар аркылуу 2 миллиард доллардан ашуун арам акчаны адалдаганы айтылган.

XS
SM
MD
LG