Ссылки доступа

Индияда сексуалдык кулчулукта жүргөн кыргыз кызы куткарылды


Индияда сексуалдык кулчулукка кабылган кыргыз жараны куткарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Нурлан Сүйөркулов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, 30 жаштагы келин Индиянын шаарларынын биринде жергиликтүү полиция тарабынан кармалган.

5-апрелде кыргыз жараны элчилик кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Учурда ал Индиянын борбору Делиге жөнөтүлдү. ТИМден ырасташкандай, кулчулуктан бошотулган жаран жакын арада Кыргызстанга жеткирилет.

XS
SM
MD
LG