Ссылки доступа

Темир Сариев отставкага кетиши мүмкүн


Бүгүн премьер-министр Темир Сариев өз каалоосу менен кызматтан кетүү өтүнүчүн президентке жолдой турганын “Азатыкка” Ак үйдөгү өздүк булактар кабарлады.

Маалыматка караганда, Сариевдин отставкасынан кийин парламенттеги көпчүлүк коалиция өкмөттүн жаңы курамын бекитет. Өкмөт башчынын басма сөз катчысы Бакыт Асанов бул маалыматты ырастаган жок. Анын билдирүүсүндө отставка маселеси боюнча али сөз козголо элек.

“Балыкчы – Корумду” автожолунун курулушундагы мыйзам бузуулар боюнча транспорт министри Аргынбек Малабаев Темир Сариевди айыптап чыккандан кийин депутаттык комиссия өкмөт башчынын отставкасын талап кыларын билдирген.

Видео

XS
SM
MD
LG