Ссылки доступа

Керри Иранды Йемен менен Сирияда бейпилдик орнотууга көмөктөшүүгө чакырды


АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Иранды аймактагы дестабилдештирүү позициясынан баш тартып, Йемен менен Сириядагы жаңжалдын токтошуна көмөк көрсөтүүгө чакырды.

Бахрейнде өткөн басма сөз жыйынында Керри Ирандын “дестабилдештирүүчү иш-аракеттерин” айыптады. Анын айтымында, Ирандын бул иш-аракеттерине АКШ олуттуу көңүл бурууда.

АКШ Аскердик-деңиз күчтөрүнүн Бахрейндеги базасында жайгашкан Бешинчи флоту өткөн жумада курал-жарак жүктөлгөн кемени кармаган. Алардын маалыматына ылайык, бул курал-жарак Ирандан Йемендин өкмөтү менен күрөшүп жаткан көтөрүлүшчү-хуситтерге алынып бараткан.

«Биз Иранды хуситтерге курал-жарак бергендин ордуна конструктивдүү болууга, Сириядагы жаңжалга чекит коюп, бейпилдикти орнотууга, согушту токтотууга болгон иш-аракеттерге кол кабыш кылууга чакырабыз», — деди Керри.

Иш сапарынын жүрүшүндө Керри Тегеран менен ядролук келишим түзүүнү жана Ирандан бул келишим боюнча экономикалык санкцияларды алып салууну колдой тургандыгын айтты. Ошондой эле Кошмо Штаттар менен аларга тарапташ араб өлкөлөрү Тегерандын ракета технологиялары жаатындагы ишмердүүлүгү боюнча бирдей көз карашта экендигин баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG