Ссылки доступа

Саратов соту Путинди кызматтан кетирүү боюнча арызды четке какты


Орусиянын Саратов облустук Арбитраждык соту Балаково шаарынын тургуну Николай Суворовдун Валадимир Путинди кызматынан кетирүү боюнча арызын кабыл алган. Сот арызды кароонун болжолдуу убактысын да белгилеген.

Бирок Саратов облусунун Арбитраждык соту арызды өндүрүштө кароону токтотту. Бул туурасында соттук аныктамада айтылат.

Чечимде мамлекет башчысы кол тийбестик макамга ээ экендиги, андыктан мындай арыздарды кароо соттун ыйгарым укугуна кирбей тургандыгы белгиленген. Баш мыйзамдын 4-беренесине ылайык, президенттин ишмердүүлүгүнө сот, анын ичинде Арбитраждык сот дагы кирише албайт.

Бейшембиде Саратовдун Арбитарждык соту Суворовдун арызын кабыл алган жана отурумду болжолдуу түрдө 28-апрелге белгилеген. Балаково шаарынын тургуну Орусия таланып-тонолуп, эл жакырланганы жана чиновник, банкирлер байып кеткени үчүн Путин президенттиктен кетишин талап кылып, аны элдин душманы, олигархтардын досу деп атаган.

XS
SM
MD
LG