Ссылки доступа

Назарбаев Иран жана Түркия аркылуу Өзбекстанга барат


Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев 11-апрелде эки күндүк иш сапары менен Тегеранга барат. Расмий маалымат каражаттары билдиргендей, чакыруунун демилгечиси-Ирандын президенти Хасан Роухани.

Жолугушуу учурунда 2014-жылы макулдашылган иш-чаралардын жүзөгө ашырылышы талкууланат.

13-апрелде Казакстан президенти Ислам кызматташтыгы уюмунун саммитине катышуу үчүн Түркияга жол тартат. Бул туурасында Назарбаевдин админстрациясынан кабарлашты. Эки күндүк иш сапар учурунда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугат.

15-апрелде Назарбаев Өзбекстанга келип, Ислам Каримов менен кездешет. Сүйлөшүүлөр учурунда эки тараптуу мамилелердин орчундуу маселелери талкууланат.

Ислам кызматташтыгы уюмуна 57 өлкө кирет. Алардын катарында Иран, Казакстан, Түркия, Өзбекстан дагы бар.

XS
SM
MD
LG