Ссылки доступа

АКШ вице-президенти украина премьер-министрине ыраазычылык билдирди


АКШ вице-президенти Жозеф Байден Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк менен телефон аркылуу сүйлөштү. Белгилүү болгондой, А.Яценюк кызматынан кетүү ниетин билдирген болчу.

АКШ вице-президенти Яценюкка Украина үчүн маанилүү болгон тарыхый мезгилдеги өнөктөшүк үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Украина өкмөтүн акыркы эки жыл ичиндеги ийгиликтери менен куттуктады. Анын ичинде оор, бирок зарыл болгон экономикалык реформалар жүргүзүлдү, Европа биримдиги менен ассоциация түзүү жөнүндө келишимге кол коюлду, Украинанын энергетикалык көз карандысыздыгына багытталган иштер аткарылды деп белгиледи.

Байден менен Яценюк Украинанын экономикасындагы өзгөрүүлөр артка кайрылбас мүнөздө болушу керектигин баса белгилешти. Алардын пикиринде, мындан аркы прогресс Украина элинин жаркын келечеги үчүн чечүүчү мааниге ээ болот. Мындан тышкары зарыл реформаларды, анын ичинде Эл аралык валюта фонду менен Европа биримдиги сунуштаган өзгөртүүлөрдү ишке ашыра турган жаңы өкмөттү түзүүнүн маанилүү экендигин белгилешти.

XS
SM
MD
LG