Ссылки доступа

Тажикстанда аралыктагы парламенттик шайлоого оппозиция катышкан жок


Тажикстандын  Фирдавси менен  Жаббор Расуловск райондорунда  парламенттин төмөнкү палатасына шайлоолор болуп өттү.

Борбордук шайлоо комиссиясы бул эми тилкедеги саясий өнөктүктүн жыйынтыктарын тааныды. Биринчи окург болгон Фирдавсиде депутаттык орун үчүн төрт партиянын талапкерлери ат салышты: Экономикалык реформа, Демократиялык партия, Агрардык партия жана Элдик демократиялык партия. Расуловск районунун 16-шайлоо окургунан Элдик демократиялык партия жана өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катышты.

Ортодогу шайлоого парламентте орду жок Коммунистик партия менен Социал-Демократтар партиясы катышкан жок.

Учурда парламенттин төмөнкү палатасындагы 63 креслонун 51и Элдик демократиялык партияга таандык. Агрардык партияга 3, Экономикалык реформалар партиясына 2, демократтар менен социалисттерге бирден мандат тийген.

2015-жылдагы шайлоодо коммунистер менен Ислам кайра жаралуу партиясы парламенттен сүрүлүп калган. Оппозициянын пикиринде, парламентти толугу менен бийликчил жана өкмөттүн тарапташтары болгон партиялар ээлеп алды.

XS
SM
MD
LG