Ссылки доступа

Отставка чуусу боюнча Темир Сариев өз пикирин билдирди


Премьер министр Фейсбуктагы баракчасына депутаттык комиссиянын дем алыш күнү чогулуп, чыгарган чечими боюнча пикирин жарыялады.

Анда Сариев жол курулушунун маанисине жана тендер маселесине токтолуп, өлкөдө жылына жүздөгөн тендер өткөрүлөрүн жана мыйзамга ылайык, тендер өткөргөн мамлекеттик органдын жетекчиси ага керт башы менен жоопкерчиликтүү болорун белгилеп, Балыкчы-Корумду жолун реконструкциялоо боюнча тендерге министр жоопкерчиликтүү экенин айткан. Премьер тендердин процедурасына анын кийлигишүүсү болбогондугун жана болушу да мүмкүн эместигин белгилеген. Ал билдирүүдө тендерден тышкары лицензия, акча каражаты туурасында кеңири түшүндүрмө берүүгө аракет кылган.

Сариев депутаттык комиссиянын ишине токтолуп, жума күнгө белгилеген жыйындын түшүнүксүз себептерден улам токтотулушун, андан ары комиссия негизги фигуранттардын катышуусуз жабык жыйын өткөргөнүн айткан. Ал комиссия ишемби - дем алыш күнү шашылыш чогулуп, өкмөттөн эч кимди чакырбай, дароо чечим кабыл алганын сындап, комиссиянын транспорт министри Аргынбек Малабаевдин гана көрсөтмөсүнө таянып, корутунду чыгаруусу анын объективдүүлүгүнөн шек санатарын, комиссиянын мындай аракети анын айрым мүчөлөрүнүн жеке кызыкчылыктарына байланыштуу экенинен кабар берерин белгилеген.

Темир Сариев бул маселенин ачык иликтенишине кызыкдар экендигин жана саясий интригалардан улам маанилүү жол курулушунун токтоп калуусунан чочулап жатканын кошумчалаган.

XS
SM
MD
LG