Ссылки доступа

Акыйкатчы камактагы оппозициянын айрым мүчөлөрү менен жолукту


Омбудсмен Кубат Оторбаев УКМКнын тергөө абагындагы адамдардын кармоо шарттары менен таанышты.

Акыйкатчы институтунун аппаратынан билдиришкендей, Оторбаев тергөө абагында президенттик аппаратын мурдагы кызматкерлери Данияр Нарынбаев, Каныбек Жороев, мурдагы прокурор Нурлан Турсункулов, өкмөттүк аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Алтынбек Муралиев, “Альфа-телекомдун” жетекчисинин мурдагы кеңешчиси Алмазбек Абеков, жакында эле камакка алынган оппозициянын айрым мүчөлөрү Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков жана экс-депутат Максат Кунакунов менен жолукту.

Жолугушууда Бектур Асаров жана Кубанычбек Кадыров күнөөсү жок экенин, анын үнү менен жазылган аудио бурмаланган деп, соттон акыйкат чечимди күтүп турганын айтышкан.

Камактагылар тергөө абагындагы шартка дооматы жок экенин, эч кандай зордук-зомбулук болбогонун билдиришкен.

12-мартта УКМКнын тергөө башкармалыгы Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановго “бийликти басып алууга аракеттенген” деп кылмыш ишин козгоп, 26-мартта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган. Ал эми мурдагы депутат Максат Кунакунов “террорчуларга көмөктөшкөн” деген шек менен өткөн жылдын июль айында кармалган. Данияр Нарынбаев коррупция, ал эми Алтынбек Муралиев тыңчылык боюнча айыпталууда.

XS
SM
MD
LG