Ссылки доступа

Казак дыйкандары Кыргызстандан келген арзан жашылчанын айынан зыян тартууда


Базар Кыргызстандан келген жашылчага толуп калгандыктан, Казакстандын Павлодар облусунда пияз менен картөшкө эки эсеге кымбаттады. Мындай маалыматты “Астана” телеканалы таркатты.

Маалымдалгандай, өткөн жылы жыйнап алган түшүмдү сатуу үчүн жергиликтүү дыйкандар бааларды түшүрүүгө аргасыз болууда. Антпесе, жашылчалар чирип, текке кетет.

“Маяк” дыйкан чарбасынын кампа жетекчиси Еркин Алмагамбетов билдиргендей, Кыргызстан Европалык экономикалык биримдикке мүчө болгондон бери Алматынын базарлары кыргыз картөшкөлөрүнө толуп калды. Мындан улам дыйкан чарба бааларды төмөндөтүүгө аргасыз болду.

Казак дыйкандары маселе өкмөттүк денгээлде чечилиши керек деп эсептешет. Жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү бийлик коргошу керек деген пикирде.

XS
SM
MD
LG