Ссылки доступа

Сирия армиясы Алеппону бошотууга белсенди


Сирия армиясы орусиялык аскерий аба күчтөрүнүн колдоосу менен Алеппону бошотууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Ваель аль-Халаки Дамаскка иш сапары менен келген орусиялык депутаттар менен жолугушуу учурунда билдирди.

«Алеппону бошотуу жана ок атышпоо чечимине кошулбай же аны бузган бардык мыйзамсыз топторго бөгөт коюу үчүн орусиялык тарапташтарыбыз менен бирге операцияга даярданып жатабыз”, - деди ал.

Syrian Observatory for Human Rights уюмунун маалыматына караганда, бул райондо акыркы мезгилде 16 жоокер жана “Аль-Каидага” байланышы бар 19 согушчан өлтүрүлгөн. Ок атышуулар Алеппонун түштүк бөлүгүндө орун алууда. Орусия менен АКШнын ортомчулугу аркасында жетишилген ок атышпоо туурасындагы келишимге “Ислам мамлекети” менен “Фронт аль-Нусра” киргизилген эмес.

XS
SM
MD
LG