Ссылки доступа

Тегеранда Назарбаев менен Роухани жолукту


Нурсултан Назарбаев Иран борборундагы расмий сапары бүгүн башталды. Анын Иран президенти Хасан Роухани менен сүйлөшүүлөрүндө соода, инвестиция, айыл-чарба, транспорт чөйрөсүндөгү кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды.

Эки лидердин сүйлөшүүлөрү артынан Казакстан менен Ирандын компаниялары акчалай наркы бир миллиард доллардык келишимге кол коюшту.

2015-жылдын жыйынтыгында Казакстан менен Иран ортосундагы эки тараптуу сооданын көлөмү 635 миллион долларды түзгөн.

Ирандан соң казак президенти 13-14-апрелде Түркияга барып, президент Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт жана Ислам кызматташтыгы уюмунун саммитине катышат.

Түркиядан соң казак президенти Түркия жана Өзбекстанга иш сапары менен барат.

XS
SM
MD
LG