Ссылки доступа

Улуттук гвардия кыскача Росгвардия деп аталмакчы


Улуттук гвардия Путинге баш ийет, ал эми анын жоокерлери эскертүүсүз эле күч колдонуп, ок чыгарганга укугу бар.

Орусиянын Улуттук гвардиясы кыскача Росгвардия деп атала турган болду. Жаңы күч органын түзүү жөнүндө Владимир Путиндин жарлыгынын долбоору жарыяланды. Документте Росгвардия коомдук тартипти сактоо, террорчулук жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш менен алектенип, ошондой эле Федералдык коопсуздук кызматына чек араны коргоого көмөктөшө тургандыгы белгиленген.

Росгвардиянын түзүлө тургандыгын Путин 5-апрелде жарыя кылган. Бул кызматтын жетекчилигине өзүнүн мурдагы жан сакчысы, ички иштер министринин мурдагы орун басары Виктор Золотовду дайындаган. Улуттук гвардия жөнүндөгү мыйзам долбооруна ылайык, анын жоокерлери жарандарга же жоокерлердин өзүнө коркунуч жаралган учурда эскертүүсүз эле күч жана курал колдонууга акылуу болушат.

XS
SM
MD
LG