Ссылки доступа

«Ислам мамлекетинин» тажик эмиссары «Анас» издөөгө алынды


Тажикстандын бийлиги Нурек шаарынын Туткавул айылынын 26 жаштагы тургуну Анушервон Азимовду издөөгө алды. Ал “Ислам мамлекетинин” “Анас” деген каймана аты бар тажик эмиссары экендиги белгилүү.

Тажик жараны Анушервон Азимов акыркы эки жылда Москвада жашаган. Ал жерде жаштарды “Ислам мамлекетине” кирүүгө үндөө менен алектенген. Айрым маалыматтарга караганда, ал Жакынкы Чыгыштагы согушка 100дөн ашуун тажикти азгырууга жетишкен. 11-апрелде Тажикстандын укук коргоо органдарындагы өздүк булак билдиргендей, Сириядан кайтып келген же ал жакка жөнөп жаткан тажиктердин 40 пайызы аларды Моквада “Анас” аттуу жаш тажик азгыргандыгын айтышкан.

«Анас» тууралуу маалымат укук коргоо органдарына жарым жыл мурун эле келип түшкөн. Ал ошол учурда Орусияда болгон. Бирок издөө жарыяланары менен изин суутуп кеткен. Тажикстандын укук коргоо органдарындагы өздүк булак билдиргендей, ал жаш жигиттерди торуна түшүрүп, башын айландыргандан кийин Орусиядан Түркияга чейин учакка билет сатып берген. Анан интернеттин жардамы менен аларды Сириянын чегине чейин “коштоп жүргөн”. Азыр ал кайда экендиги белгисиз.

Нуректеги Дин иштери боюнча комитеттин өкүлү Алимахмад Гуломов Анушервон Азимовдун былыктары ачылгандан кийин шаар тургундарына андан этият болууну эскертип жаткандыгын билдирди. Расмий маалымат боюнча Орусияда бир миллионго жакын тажик эмгек мигранттары бар. Жакынкы Чыгышта “Ислам мамлекетинин” курамында согушуп жаткан 1000 тажик жаранынын көпчүлүгү Орусиядан азгырылып келгендер болуп саналат.

XS
SM
MD
LG