Ссылки доступа

Freedom House: Тажикстанда демократия деңгээли төмөндөп баратат


Америкалык Freedom House бейөкмөт уюму өзүнүн жаңы баяндамасында Тажикстандагы демократиянын өнүгүшүн кошуна өлкөлөргө караганда начар деп баалады.

Аталган уюмдун жаңы баяндамасында КМШ жана Чыгыш Европа өлкөлөрүндөгү демократиянын өнүгүүсүнө байланышкан жагдай каралган. Авторлор Тажикстанда былтыр демократиялык көрсөткүчтөр боюнча “кейиштүү төмөндөө” болгондугун жана ошондон улам бул өлкө чөлкөмдөгү кошуналарынан артта калгандыгын белгилешкен.

Freedom House укук коргоочу уюму 12-апрелде жылына жарык көрүүчү “Өткөөл мезгил өлкөлөрү-2015” баяндамасын жарыялаган. Анда Борбордук Европадан тартып Борбордук Азияга чейинки чөлкөмдүн 29 мамлекетиндеги жагдай талдоого алынган.

«Freedom House» ар бир өлкөдөгү жагдайды 7 негизги көрсөткүч: электоралдык жараян, жарандык коомдун абалы, медиа эркиндигинин даражасы, жемкорлук деңгээли, улуттук жана жергиликтүү башкаруунун сапаты, сот системасынын көз карандысыздыгы боюнча талдоого алган. Баалоо 7 упайлык шкала боюнча жүргүзүлөт. Мында 7 - эң начар упай.

Баяндамада белгиленгендей, постсоветтик өлкөлөр экономикалык кыйынчылыктардын кесепетинен коопсуздук коркунучуна кириптер болушту.

Баяндаманын авторлорунун бири Нейт Шенкандын айтымында, Тажикстан былтыр оппозицияга буга чейин болуп көрбөгөндөй кысым көрсөткөн. Казакстан менен Кыргызстан болсо жарандык коомду көзөмөлгө алуу максатында бейөкмөт уюмдарынын ишмердүүлүгү жөнүндө мыйзам кабыл алышкан. Муну менен алар Орусиянын чектөөчү иш-аракеттерин туурап, колдоого алышты.

XS
SM
MD
LG