Ссылки доступа

Гройсман Украинанын жаңы өкмөтү боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууда


Украинанын премьер-министрлигине талапкер болуп жаткан Жогорку Раданын төрагасы Владимир Гройсман өкмөттүн жаңы курамын түзүү боюнча дээрлик бардык позицияларды макулдашууга жетишти. Бул туурасында Твиттерге анын басма сөз катчысы Дмитрий Столярчук жазып чыкты.

“Гройсман жаңы өкмөттө реформаторлук нукта иштөөгө ыктагандарды сактап кала алды” деп жазды Дмитрий Столярчук.

Буга чейин депутат Мустафа Найем «Украинская правда” гезитине Гройсман кадрдык келишпөөчүлүктөрдөн улам жаңы өкмөттү башкаруудан баш тарткандыгын айткан. Кийинчерээк башка депутат Максим Курячий Гройсмандын ниети жөнүндө Найем натуура жыйынтык чыгарды деп билдирген. Андан тышкары эгерде өкмөттө командалык иш жөнгө салынбаса Гройсман аны башкара албайт деген да божомолдор айтылган эле.

Өкмөттү 2014-жылдын февралынан тартып башкарып келе жаткан Арсений Яценюк 10-апрелде кызматынан баш тарткан. Бул чечимин Украинада жаралган саясий кризис менен түшүндүргөн. Ал мезгилде Жогорку Рада министрлер кабинетинин былтыркы жылдагы ишин “канааттандыраарлык эмес” деп тапкан. Бирок “олигархтар менен президент Порошенко ич ара келишип алгандыктан” украиналыктардын ишениминен кол жууган Яценюктун өкмөтүн отставкага кетире алган жокпуз деп билдирген.

XS
SM
MD
LG