Ссылки доступа

FH: экономикалык каатчылык мурунку советтик өлкөлөрдүн туруктуулугуна коркунуч жаратат


Эл аралык Freedom House уюму жарыялаган кезектеги баяндамада экономикалык каатчылык айрым өлкөлөрдө “тамыр жайып калган” диктатордук режимдерге коркунуч келтирип жатканын билдирди.

12-апрелде жарыяланган баяндамада мурунку советтик республикалар, Чыгыш Европа жана Балкандагы саясий-экономикалык абал талдоого алынган. Билдирүүгө өткөөл доорду башынан кечирип жаткан 29 мамлекет камтылган.

Орусия, Азербайжан, Белорусия, Казакстан, Тажикистан, Өзбекстан жана Түркмөнстан диктатор өлкөлөрдүн башкы тизмесине киргизилген. Экономикалык кризис мындай режимдердин туруктуулугуна коркунуч келтирип жатканы белгиленген.

Кыргызстан “диктатор” өлкөлөрдүн катарына киргизилбесе да, оппозицияны мамлекеттик органдар аркылуу каралоо көбөйдү деп жазылган.

XS
SM
MD
LG