Ссылки доступа

Өзбекстанда күйөө болчу жигит "сүйүү туткуну” болуп калды


Самарканд облусунда Надыр Абдухамидов аттуу жигит сүйгөн кызынын болочок күйөөсүн уурдап кеткен. Аны уурдоого Надырдын туугандары жардам берген.

Кинодо гана кездешчүдөй сезилген мындай окуя Самарканд облусунун Булунгур районунда болуп өттү. Надыр деген жигиттин жактырган кызын ата-энеси башка бирөөгө кудалап койгон.

Надыр болсо үйлөнүү үлпөтүнө бир күн калганда сүйгөнүнүн болочок күйөөсүн уурдап кеткен.

Самарканддын укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, бул ишке ал атасынын иниси Хабибулло Абдухамидовду жана аталаш агасы Аббос Ибрагимовду тарткан.

Булар алдын ала сүйлөшүп алып, болочок күйөөгө телефон чалып, тоюң менен куттуктап коелу дедик эле деп көчөгө чакырышкан. Ал эшикке чыкканда унаага күч менен түртүп отургузуп, белгисиз тарапка алып кетишкен.

Жыйынтыгында Надыр Абдухамидов “Бейбаштык” беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 3,5 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми анын эки тууганы 3 жылга түрмөгө кесилишти.

XS
SM
MD
LG