Ссылки доступа

Freedom House: Өзбекстандагы экономикалык маселе диктатурага “коркунуч” жарат


Freedom House уюмунун жаңы баяндамасында Өзбекстанда пайда болгон экономикалык маселелер ”тамырын жайган диктатурага” коркунуч жаратып баштаганы, жыйынтыгында жарандардын үсүнөн тыкыр көзөмөл жүргүзүү күчөгөнү жазылат.

Документте белгиленгендей, 2015-жылы өзбек мигранттары жөнөткөн каражаттын көлөмү 58 пайызга кыскарган. Бул жылы дагы ушундай эле көрүнүш кайталанары күтүлүп жатат. Валютанын айланышы толугу менен мамлекеттин монополиясында, учурда көптөгөн ишканалар жабылып калуу коркунучунда.

Баяндаманын авторлорунун бири Нейт Шенкандын айтымында, каатчылык учуруна Өзбекстан сыяктуу авторитардык мамлекеттер экономикадагы ачык-айкындуулукту камсыз кылып, реформаларды жүргүзүшү керек. Антпесе, бул өкмөттүн өзүнө терс таасирин тийгизет.

Ушул жылдын январь айында канадалык Heritage Foundation институту жана The Wall Street Journal басылмасы экономикалык эркиндик рейтингин түзгөн. Тизмедеги 178 өлкөнүн ичинен Өзбекстан 160-орунду ээлеген.

Freedom House сөз эркиндигинин жоктугун, күч менен пахта талааларында иштетүү учурларын, чиновниктердин ашкере коррупцияга батышын, соттордун бийликтен көз карандылыгын жана камактагыларга карата кыйноолордун көп кездешип жаткандыгын баса белгилеген.

XS
SM
MD
LG