Ссылки доступа

Тажиктер менен кыргыздар чек ара картасын “оңдоп-түзөп” жатышат


Тажикстан менен Кыргызстандын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ эки өлкө ортосундагы чек аранын айрым талаштуу тилкелерин тактап, аларды атайын топографиялык картага түшүрдү. Дүйшөмбүдө жалпы чектерди демаркациялоо туурасында маселе талкууланды.

Тажикстандын Жер түзүлүшү жана геодезия боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Азизмахмад Каримзоданын айтымында, жумушчу топ макулдашылган чек ара тилкелерин акырындык менен атайын топографиялык картага түшүрүүдө. «Кыргызстан менен Тажикстандын бул маселе боюнча өз пикирлери бар. Ошондуктан адегенде талкуулап туруп, анын гана чек ара сызыгын картага түшүрүп жатышат. Бул жараян азыр уланууда жана жакын арада жумушчу топ дагы жолугат”, - деди Каримзода.

Топографиялык жумушчу топту тажик тараптан Согди облусунун төрагасынын орун басары Рустам Рахматзод, кыргыз тараптан – аппарат жетекчисинин биринчи орун басары, КР өкмөтүнүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаров жетектейт.

Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын узундугу 971 чакырым болгон тилкеси тактала элек. Азырынча 520 чакырымы гана демаркацияланды. Мындан улам көп учурларда чектеш аймактардагы тургундардын ортосунда суу менен жер тилкесин колдонууга байланышкан чыр-чатактар көп болот.

Президент Алмазбек Атамбаевдин ушул жылдын май айында Дүйшөмбүгө иш сапары менен барары күтүлүүдө. Тараптар анын жүрүшүндө чек ара маселеси боюнча эки өлкө ортосунда макулдашылган келишимге кол коюларына үмүттөнөт.

Кыргызстан 1958-жылдагы картаны негиз кылса, Тажикстан 1924-1927-жылдардагы карталар менен документтерге таянып, чек ара маселесин чечүү кечеңдеп келет.

XS
SM
MD
LG