Ссылки доступа

БУУ жаңы башкы катчыны издөөдө


Шейшембиде Башкы Ассамблеянын мүчөлөрү БУУнун тарыхында алгачкы ирет БУУ Башкы катчылыгына талапкерлерди караган угууларды өткөрмөкчү.

Отурумда БУУ башчылыгына талапкер болгон тогуз адамдын үчөөсү: Черногориянын тышкы иштер министри Игорь Лукшич, БУУнун Качкындар иши боюнча мурдагы Жогорку комиссары Антониу Гутерреш жана ЮНЕСКО жетекчиси болгариялык Ирина Бокова чыгып сөз сүйлөштү.

Орусия үчүн Бокованын талапкерлиги жагымдуу болуп саналат. Москва БУУнун кийинки Башкы катчысы Чыгыш Европанын өкүлү болушу керек деп эсептейт. Талапкерлер ири эл аралык уюм келечекте кандай өнүгүшү керектиги туурасында көз карашын билдиришти. Салтка ылайык, Башкы катчылыкка талапкерди БУУ Коопсуздук кеңеши жабык отурумунда талкуулап, анан БУУ Башкы Ассамблеясына сунуштоосу керек эле. Бирок былтыр Башкы Ассамблея эрежелерди өзгөртүп, талапкерлерге өз резюмелери менен кошо расмий түрдө арыз менен кайрылууну сунуштаган.

Угуулар учурунда сөз сүйлөө – талапкерди тандоо этаптарынын бири. Анткен менен акыркы чечимди БУУ Коопсуздук Кеңеши кабыл алат. Ал талкуулоо ишин июлда баштайт. Талапкерлердин катарында Словениянын мурдагы премьер-министри, Молдавия, Хорватия, Македониянын мурдагы тышкы иштер министрлери, Жаңы Зеландиянын мурдагы премьер-министри бар.

XS
SM
MD
LG