Каршылык акциясына чыккандардын басымдуу бөлгүгү жаштар. Алар Армения борборундагы орус элчилигинин жанына келип, “уят" жана “Армения эркин, көз карандысыз” деп кыйкырып жатышты. Айрымдары элчиликтин имаратын көздөй жумуртка ыргытып, натыйжада ОМОН менен кызыл чеке болуп урушуп кете жаздашты.
Айрым маалыматтарга караганда, Орусия 2009-2011-жылдардагы келишимдин негизинде Азербайжанга 4 миллиард долларга тете танктарды, аскердик тик учактарды, артиллериялык системаларды саткан.
Акырында Орусия Азербайжанга курал сатуусун токтотууну талап кылган кайрылуу кабыл алынып, аны акцияны уюштуруучулардын бири окуп берди. Анда Москваны Армения алдындагы милдеттемелерин аткаруу чакырыгы да ташталды. Армения Орусия баштаган Евразия экономикалык биримдигине жана ЖККУга мүчө.
Орус премьери Дмитрий Медведев өткөн жумада Ереванга жасаган сапарында Азербайжан менен келишимди коргоп, Москва чырлуу аймактагы аскерий тең салмактуулукту сактоо аракеттерин күчөтөрүн айткан.