Ссылки доступа

Тажик режиссерун Орусияга киргизишкен жок 


Белгилүү тажик режиссеру Барзу Абдураззоков паспортуна Украина, Түркия жана Грузия мамлекеттеринин мөөрү басылгандына байланыштуу Орусияга кире албады.

Чек арачылар аны аэропортто бир саат кармап турган соң, Тажикстанга депортация кылышкан. Абдураззоков Санкт-Петербург шаарында 5-апрелде башталган “Орусиядагы жолугушуу” театр-фестивалына катышуу үчүн барган болчу.

Барзу Абдураззаков кыргызстандык артисттер менен Бишкектен Москвага жөнөгөн. Андан ары Санкт-Петербургга учушу керек эле. Алар Орусиянын экинчи баш калаасында КМШ жана Балтика мамлекеттеринен келген театр өнөрпоздорунун “Орусиядагы жолугушуу” фестивалына катышмак. Иш-чарага “Маңкурт жөнүндө баян” спектаклин даярдап баратышкан.

Режиссерду “Домодедово” аэропортунда чек арачылар текшерип, бир сааттай кармап турган соң, “Москва-Куляб” каттамы менен ошол эле күнү Тажикстанга учуруп жиберишкен.

“Фестиваль ачылган күнү мен Дүйшөмбүдө болдум. Биздин команда мен жок эле катыша баштады”-деди Абдураззаков.

57 жаштагы Барзу Абдураззоков Тажикстанда эмгек сиңирген артист. Ал өлкөсүндө гана эмес, чет элде да таанылган. 2013-жылдан бери Бишкектеги Чыңгыз Айтматовдун атын алып жүргөн орус драма театрында да эмгектенүүдө. Эки ирет “Кыргызстандагы мыкты режиссер” наамын да алган.

XS
SM
MD
LG