Ссылки доступа

Украина Крым жетекчисин камакка алууга санкция берди


Киев шаарынын Печер соту Орусия аннексиялап алган Крымдын жетекчиси Сергей Аксеновду “Артек” балдар лагеринин мүлкүн Орусияга "ыроологону" үчүн камакка алууга санкция берди. Бул туурасында Украинанын Башкы прокуратурасынын сайтында маалымдалат.

“Артек” эл аралык балдар борборунун мүлкүнө да арест салынгандыгы айтылууда. Украинанын эсеби боюнча Орусияга лагерди берүү менен 242 миллион гривен суммасында зыян келтирилген.

Крымды 2014-жылы аннексиялап алгандан кийин орусия өкмөтүнүн буйругу менен анын аймагында жайгашкан “Артек” лагерин калыбына келтирүү иштери башталган. Аталган лагердин базасында 2014-жылдын 16-июнунда эл аралык балдар борбору түзүлүп, Орусиянын Билим берүү жана илим министрлиги уюштуруучу макамга ээ болгон.

2015-жылдын мартында Орусия өкмөтү “Артектин” 2020-жылга чейинки өнүгүү программасын бекиткен.

XS
SM
MD
LG