Ссылки доступа

Крым прокурору межилистин ишин убактылуу токтотту


Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралынын прокурору Наталья Поклонскаянын чечими менен крым татарларынын межилисине коомдук чогулуштарды өткөрүүгө, банктык эсептерди колдонууга жана маалымат таратууга тыюу салынды.

Бул чечим сот межилиске тыюу салуу жана анын экстремисттик уюмдардын катарына киргизүү жөнүндө өкүм чыгарганга чейин күчүндө болот.

Поклонская межилистин ишине тыюу салуу туурасында өтүнүчүн февраль айында берген. Украинанын тышкы иштер министрлиги межилисти жабууга каршы чыгып, мындай кадам “жарым аралдагы негизги укуктарды жана эркиндиктерди бузуу” болуп санала тургандыгын билдирген.

Крым татарлары аталган жарым аралдын эки миллионго жакын калкынын 15 пайызын түзөт. Алардын көпчүлүгү Орусиянын 2014-жылы Крымды аннексиялап алышына каршы болушкан. Орусиячыл өкмөт келиши менен крым татарлары аларга кысым көрсөтүлүп, крым-татар тилинде билим берген класстар жабылып, алардын өкүлдөрүнө жаңы Крым бийлигинин көзү түз эмес экендиги туурасында бир нече ирет билдирип чыгышкан.

XS
SM
MD
LG