Ссылки доступа

Өлкөдө офицерлердин психикалык абалына кабатыр болушууда


Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов ар жарым жыл сайын аскердеги офицерлердин психикалык абалын текшерүүнү сунуштады.

Ал аскердеги жоокерлердин өлүмүнө тынчсызданып, бүгүнкү армияда эң коркунучтуу маселеге айланганын айтты.

- Армиядагы балдар улуулар тарабынан ур-токмокко кабылып, өзүн-өзү өлтүрүп жаткан учур жөн жерден эмес. Аскердин намысын кордоп, басым жасалгандыктан жоокерлер арданып өзүн өлтүрүп жатат. Бул жерде офицерлердин да психикалык абалын текшериш керек. Алар кандай абалда жүрөт эч ким деле кызыкпайт.

Статистикага таянсак 2014-жылы аскердик кызматын өтөп жатып 14 жоокер каза болсо, жети аскер кызматкери өз жанын кыйган. 2015-жылы аскерде каза болгондордун саны 16 адамга жеткен.

XS
SM
MD
LG