Ссылки доступа

Өлкөдөгү "жума талашы"


Парламентте жума намаз үчүн түшкү тыныгууну 12.30дан 14.30га чейин жылдыруу сунушталууда. Атайын мыйзам долбоору даярдалды. Демилгеге каршы чыккандар болсо, Кыргызстан светтик өлкө экендигин эскертишүүдө.

Көптөгөн депутаттардын пикиринде, мыйзам долбоору мамлекеттик жана жеке ишканалардын кызматкерлеринин укугун коргоого багытталган. Бирок көпчүлүктү бул жүйө ынандырбайт. Мыйзам долбооруна каршы чыккандар белгилегендей, светтик өлкө диний эмес, жарандык нормалар менен жөнгө салынат.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы да бул мыйзам долбоорунун колдойт. Муфтийдин орун басары Акимжан Эргешовдун айтымында, айрым кызматкерлер ансыз деле жумуш учурунда мечитке келип, намаз окушууда. Алар мусулманчылык парзын сактап, ошол эле учурда жетекчилигинен эскертүү алып, айлыгы кесилип, жумуштан бошоп жатышат. Бул мыйзам кабыл алынса жарандардын эмгек учурундагы иш тартиби ийкемдүү болмок дейт.

Бул арада коомчулук арасында мыйзам долбоору кызуу талкууга алынды. Мамлекеттик мекемелерде ансыз деле намаз окүүчү атайын бөлмөлөр бар болгондуктан, ошол жакта деле парзын аткарышсын деген пикирди кармангандар жетиштүү. Бул арада жума күнү түштөн кийин депутаттарды иш ордунан табуу ансыз деле кыйын.

XS
SM
MD
LG