Ссылки доступа

Путин АКШ президенти Обаманы абийирдүү адам деп атады


Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ президенти Барак Обаманы абийирдүү адам деп атады. Мындай пикирин “Түз байланышы” учурунда америкалык кесиптешинин Кошмо Штаттардын Ливиядагы операциясы жаңылыштык болгондугу жөнүндө билдирүүсүнө комментарий берип жатып ачыкка чыгарды.

2011-жылы АКШ башка өлкөлөр менен бирдикте Ливиянын өкмөттүк аскерлери жайгашкан жерлерге тынч элди коргоо максатында сокку урган. Анткен менен ливиялык лидер көтөрүлүшчүлөр тарабынан өлтүрүлгөндөн кийин өлкөдөгү абал курчуп кеткен. Кийинчерээк Ливиянын райондорунун бирин “Ислам мамлекети” террористтик уюмунун согушчандары ээлеп алышкан.

Орусиянын Сириядагы аскерий операциясы учурунда эл аралык укук коргоо уюмдары Кремлди бир нече ирет аскерий кылмыштарга күнөөлөп чыгышкан. Анын ичинде мечиттерди, базарларды, ооруканаларды жана мектептерди талкалап, кассеталык бомбаларды колдонгонун айыпташкан. Улуу Британиянын коргоо министри Майкл Фаллон орусиялык учактардын чабуулу “согушту создуктуруп”, президент Башар Асаддын “режимин бекемдеп жатат” деп билдирген.

Кремль бул айыптоолорду “маалыматтык чабуул” деп атаган.

XS
SM
MD
LG