Ссылки доступа

АКШ тажик бийлигин адам укуктарын кысымга алгандыгы үчүн сындады


АКШ Мамдепартаменти 2015-жылдагы адам укуктарынын сакталышы жөнүндөгү кезектеги баяндамасында кайрадан Тажикстандын бийлигин сынга алды. Анда тажик бийлиги жарандардын укуктарын басмырлап, саясий оппозицияны кысымга алып жатат деп белгиленген.

Баяндамада Тажикстан “авторитардык өлкө” аталып, ыйгарым укуктардын баары аткаруу бийлигинин колуна топтолгондугу айтылган.

Авторлор республиканын Конституциясында саясий көп партиялуулук каралганы менен “өкмөт саясий плюрализмге жолтоо болуп жаткандыгына” көңүл бурушкан. Коопсуздук органдары жарандык коомду катуу көзөмөлгө алышарын белгилешкен. Эл аралык байкоочулардын айтымында, 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо ачык-айкын тандоо жасоого шарт түзүлгөн эмес.

Кыйноолор жана ырайымсыз мамиле, саясий репрессиялар, пикир билдирүү эркиндигин жана маалыматтын жеткиликтүү болушун чектөө, анын ичинде интернет-ресурстарына бөгөт коюу- эң курч көйгөйлөр.

Мамдепартамент өлкөдө сот адилеттиги жок экендигине басым жасаган. Каалагандай камакка алуулар орун алып, түрмөлөрдөгү жашоо-шарт өмүргө коркунуч туудуруп келет.

XS
SM
MD
LG