Ссылки доступа

Британия жазуучусу жазган романдын каармандары - тажик айымдары


Британия жазуучусу Анника Милисик-Стейнлинин «Багынбас жубай” ("The disobedient wife") аттуу китеби сатыкка коюлду. Китепте тажик аялдарынын тагдыры туурасында сөз болот.

Романдын негизги окуялары Наргис аттуу айымдын тагдырына байланыштуу өнүгүп отурат. Ал - өз күчүнө таянуу менен өз алдынча турмуш кечирүүгө белсенген аял. Наргис – курама образ. Автор аны Тажикстанда иштеп жүргөн жылдары кезиктирген тажик айымдардын бейнелеринен курап жараткан. Антрополог Анника Милисик-Стейнли 2007-2008-жылдары Дүйшөмбүдө жашап кеткен.

"Тажикстандагы жашоо мени абдан таасирлентти. Ошондон улам бул жөнүндө китеп жазууну чечтим. Ал мезгилде мен өмүрү өрнөк адамдар жөнүндө көп уккан элем. Бирок аялдардын тагдырына байланышкан окуялар жан дүйнөмдө өчпөс из калтырды. Адегенде чакан эсселерди жазган болчумун. Кийинчерээк бул окуялардын баарын бир романга бириктирүүнү чечтим”, - дейт Анника Милисик-Стейнли "Азаттыктын" тажик кызматына берген маегинде.

“Багынбас жубай” романы 2015-жылдын ноябрында Cinnamon Press басмаканасынан жарык көрүп, 2016-жылдын жазында сатыкка коюлган. Анда тажик сөздөрү, айталы ширин (таттуу), худои ман (Кудай ай), нон (нан) көп колдонулат. "Тажик сөздөрү чыгармага өзгөчө түс берди. Эгер мен бул сөздөрдү англис тилине которуп койсом, китебим өзгөчө ажарынан куру калмак”, - деп белгилейт автор.

XS
SM
MD
LG