Ссылки доступа

Пентагон: Ооганстандагы ИМ экстремисттик тобуна каршы 80 жолу чабуул жасалды


Өткөн үч айда өлкөнүн Аскердик аба күчтөрү 80 жолу Ооганстандагы “Ислам мамлекеттик” экстремисттик тобуна каршы абадан сокку урган. Бул туурасында Пентагон маалымдады.

Генерал Чарльз Кливленд кабарлагандай, аларга кеңири мүмкүнчүлүктөр берилип, экстремисттерге карата каршылык көрсөтүү күчөтүлдү. Мурда кургактагы аскерлерди коргоо үчүн гана чабуул жасай алышчу.

Кливленддин айтымында, бомбалоолордун натыйжасында, Ооганстандагы согушкерлердин күчү басаңдады. Аскердик соккуларда негизинен Нангархар провинциясында жайгашкан жоо кесептердин базасы бутага алынды.

Ооганстандын түштүгүндөгү Гильменд провинциясы толугу менен “Талибан” кыймылынын колуна өтүп кетет деген коркунуч жок. Бирок аймакта кырдаал оор бойдон. Ооган аскерлери айлап талиптер менен согушуп, натыйжада февралда бир нече райондон чегинүүгө аргасыз болушкан.

XS
SM
MD
LG