Ссылки доступа

Пхеньяндын баллистикалык ракетаны сыноо аракети ийгиликке жеткен жок 


Түштүк Корея куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү кабарлагандай, Түндүк Корея орточо алыстыкка эсептелинген баллистикалык ракетаны жума күнү эртең менен сынактан өткөргөн. КЭДР негиздөөчүсү Ким Ир Сендин т уулган күнүнө арналган бул сынак ийгиликке жеткен жок.

Бул фактыны АКШ коргоо министрлиги да ырастады.

«Мусудан» тибиндеги мобилдүү ракета эки миңден үч жарым миң чакырымга чейинки аралыкка жете алат. Ал салмагы бир жарым тонна болгон ядролук ок-дарыны алып жүрүүгө жана америкалык Гуам аралына чейин жетүүгө жөндөмдүү. Бул типтеги ракета буга чейин сынактан өткөрүлгөн эмес. “Мусудандарды” курап чогултуу үчүн жабдууларды Түндүк Корея Иранга экспорттогону болжолдонууда. «Мусудан» суу алдына жайгашуучу ракетаныкындай эле кыймылдаткычка ээ. Былтыр Пхеньян мындай ракетаны да сынактан ийгиликсиз өткөргөндүгү белгилүү.

Байкоочулар «Тэпходон-2» тибиндеги ракеталары да алгачкы сынакта купулга толбой калып, кийинчерээк Түндүк Корея аларды оңдоп-түзөп, орбитага чыгарганын белгилешет.

Пхеньяндын акыркы мезгилде ракеталык кыймылдаткычтарды конструкциялоо жана ядролук ок-дарыларды миниатюризациялоо жаатындагы жетишкендиктери менен ашкере мактанып алмайы бар. Бул билдирүүлөр көп учурларда Нью-Йорк жана Вашингтонго, ошондой эле Түштүк Корея президентинин резиденциясына ядролук сокку урам деп коркутуу менен коштолуп келе жатат.

XS
SM
MD
LG