Демонстранттардын бир бөлүгү жөө жүрүштү Моленбек районунан баштады. Бул район полиция көп сандаган операцияларды өткөрүп, терроризмге катыштыгы бар деп бир топ адамдарды кармаган жер катары белгилүү. Митингде Брюсселдеги теракттан жабыркагандар жана каза болгондордун туугандары сөз сүйлөштү. Акциянын катышуучулары элди биримдикке жана бельгиялыктарды “еврейлер”, “качкындар”, “мусулмандар” деп бөлүп-жаруудан баш тартууга чакырышты.
Демонстрацияны адегенде 27-мартта өткөрүү пландаштырылган болчу, бирок ал мезгилде өлкөдө өзгөчө кырдаал күчүндө болуп, жаңы террористтик кол салуулардын коркунучу сакталып тургандыктан кийинкиге жылдырылган.