Ссылки доступа

Ооганстандын түндүгүндө Кундуз шаары үчүн салгылашуу жүрүүдө


Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз шаарында өкмөттүк күчтөр үч күндөн бери  талибдердин отряддары менен салгылашууда.  Жекшембиде талибдер шаарды басып алуу үчүн кайрадан аракет кыла башташкан. Былтыр аталган шаар бир аз убакытка алардын көзөмөлүндө калган болчу.

Шаар полициясынын башчысы Reuters агенттигине кабарлагандай, акыркы күндөрү Кундуздун түштүк-батышындагы бир нече блокпостторго кол салуу болгон. Талибдердин чыгыш багыттагы чабуулунун да мизи майтарылды деп билдирди чиновник. Анын ырасташынча, акыркы суткаларда талибдердин 49 жоокери өлүп, 61и жарадар болду. Өкмөттүк аскерлердин төртөөсү каза таап, 11и жараат алды.

Борбордук Азия Жаңылыктар кызматынын Ооганстандагы өздүк булактары кабарлагандай, согушуп жаткан талибдердин арасында Өзбекстан менен Тажикстандан келген адамдар бар.

Бир нече күн мурун талибдер “жазгы чабуулун” баштай тургандыгын билдирген.

XS
SM
MD
LG