Ссылки доступа

ЖККУ Башкы катчысы Дүйшөмбүгө келди


ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжа Дүйшөмбүгө келди. Алдын ала маалыматтарга карганда, ал Тажикстан жетекчилиги менен жолугат.  Ошондой эле ЖККУга мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн  «Издөө-2016”  биргелешкен машыгууларынын ачылышына катышат.

Иш-чара 18-апрелден 20-апрелге чейин Тажикстан Куралдуу күчтөрүнүн «Магоб» окуу борборунда жана Орусиянын 201-аскерий базасынын «Ляур» полигонунда өткөрүлөт.

Борбор Азия Жаңылыктар кызматы кабарлагандай, машыгууга Тажикстан, Армения, Белорус, Казактан, Кыргызстан жана Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн курамынан алынган аскерий, атайын, радиоэлектрондук, аба жана башка чалгындоо бөлүктөрүнүн 1500гө жакын жоокерлери катышат.

Машыгуу ЖККУ чалгындоо маалыматын топтоо, талдоо жана иштеп чыгуу системасын өркүндөтүү максатында өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG