Ссылки доступа

Астанада цирк айбанаттарын коргогон акция өттү


Астанада жаныбарлардын укугун коргоочулар айбанаттарды циркте өнөр көрсөтүү үчүн колдонууга каршы чыгышты. Активисттер «Мега Астана» соода-эс алуучу комплексинде чогулуп, колдоруна  капаста отурган маймыл, арстан жана пилдердин сүрөттөрү түшүрүлгөн плакаттарды кармап турушту.

Баракчаларда “Силердин көңүлүңөр куунакпы? Булардыкы болсо, андай эмес!” жана “Цирк – айбанаттардын тозогу” деп жазылган.

"Биз цирктерге каршыбыз, анткени ал жерде кадимки зомбулук өкүм сүрүп турат. Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндө айбанаттарды үйрөтүү учурунда аларды такай сабап, тамак бербей кыйнай тургандыгы далилденген. Биздин циркте деле ушундай көрүнүш орун алгандыгына күмөнүм жок. Көптөгөн өлкөлөрдө цирктерге айбанаттарды катыштырууга мыйзам менен бөгөт коюлган. Ал гана эмес Иранда да ушундай тыюу бар. Биз дагы жол бербешибиз керек", - дейт жаныбарлардын укугун коргоочу Илья Науменко.

Бир саатка жетпеген убакытка созулган акция учурунда активисттер циркке айбанаттарды катыштырууга нааразычылыгын билдирген баракчаларды таратышты.

17-апрелде бүткүл дүйнөдө Цирк күнү белгиленет. Анткен менен Орусиядагы жана КМШ өлкөлөрүндөгү жаныбар коргоочулар аны Цирктеги айбанаттарды коргоо күнү деп эсептешет. Коомдук активисттер нааразычылык иш-чарасын Астанадагы цирктин алдына өткөрмөкчү болушкан. Бирок мэрия ал жерде акция өткөрүүгө расмий түрдө тыюу салган.

XS
SM
MD
LG